Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 14
Ден соолукка кам көрүү жөнүндө
Айгыр-Жал айылынын тургуну Кенжебаева Бактыгүлдүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Айгыр-Жал айылынын тургуну Кенжебаева Бактыгүлдүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну Кенжебаева Бактыгүлдүн “БА-ГУА” аппаратын өзүнүн жанынан сатып алып иштетип,ушул күнгө чейин бир канча оорулардын ден-соолугуна көмөк көрсөтүп келе жаткандыгына байланыштуу кошумча турник жана башка аппараттарды алууга 20 000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана алынган апарат өкмөттүн балансына калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |