Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 19
Чачыранды алтын казуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Северный участкасына “Таш-Булак Шаба” ЖЧКму тарабынан чачыранды алтынды казуу ишин жүргүзүүгө сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. “Таш-Булак Шаба” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүү жөнүндөгү 7-берененин 1-пункту, жер кодексинин 28-берененин 1-пункту жана 4-пунктунун негизинде мыйзам чегинде иш аракетерин жүргүзүү үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кароосуна жиберилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |