Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 20
Долбоорду өзгөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 01.02.2021-жылы жазган №01-18/69 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айылынын “Кайың-Суу”участкасынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айылынын “Кайың-Суу”участкасында жаңыдан курулуп жаткан 150 орунду мектептмн долбоор сметисында спорт залдын узундугу 18 м болуп,кичине болуп калгандыгына байланыштуу спорт залдын узундугун 21 м өзгөртүү үчүн сметада көрсөтүлгөн 721 200 (жети жүз жыйырма бир миң эки жүз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттикь администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |