Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 22

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөгүндөгү келишимин бекитүү тууралуу

Каныш-Кыя айыл аймагынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөгүндөгү келишимин карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

 

токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл аймагынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөгүндөгү келишими бекитилсин.

2.  Түзүлгөн келишимге ылайык мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев