Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 23
Мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу жөнүндө
С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык орто мектебинин англис-тили мугалимдеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими А.Алыбаеванын жана КР Эл агартуунун отличниги Г.Аматованын кайрылуусу эске алынсын.
2. С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык орто мектебинин англис-тили мугалимдеринин көп жылдык иш тажрыйбаларын китеп кылып чыгаруу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражыты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |