Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 24
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга жардам берүү жөнүндө
Чаткал райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 29.01.2021-жылдагы № 02-9/39 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Чаткал райрндук эмгек жанасоциалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Ж..Таштанбаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Коргон-Сай айылынын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургуну Сулайманов Улан учурда жалгыз бой эки уулу менен жашап жаткандыгына байланыштуу, телевизор жана кир жуучу машина сатып алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражыты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |