Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 25
Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүңдө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп, көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2021-жылга карата 120500,7 (бир жүз жыйырма миллион беш жүз миң жети жүз) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 1940,0 (бир миллион тогуз жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2021-жылга карата 120500,7(бир жүз жыйырма миллион беш жүз миң жети жүз) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 1 940,0 (бир миллион тогуз жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак - ашына, сапар чыгымдарына жумшалары белгиленсин.
3. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 1185,6 (бир миллион бир жүз сексен беш миң алты жүз) сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 200,0 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 2022-жылга 125571,1(бир жүз жыйырма беш миллион беш жүз жетимиш бир миң бир жүз) сом, 2023-жылга 128268,2 (бир жүз жыйырма сегиз миллион эки жүз алтымыш сегиз миң эки жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерин белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
6. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы айылдык маданият үйү ишке киргизүүгө уруксат берилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2019-жылдагы Маданият,искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө № 429 токтомунун 4 тиркемесине ылайык 3 штат бирдиги алынсын.
7. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу бала бакчаларга берилүүчү тамак-аштын көлөмү бир балага бир күнгө 46 (кырк алты)сом өлчөмүндө жана ата-энелердин бир айлык төлөмү (ата-энелердин взносу) бир балага 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |