Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 26
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн сметасын, кичи долбоорлорун, мал башына төлөнүүчү жана техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтерин, штаттык бирдигин жана пайдалануучу 15885,4 га жайыт аянтын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзгөн сметасы, 2021-жылга пландаштырылган кичи долбоорлорун, мал башына төлөнүүчү жана техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтерин, штаттык бирдиги жана пайдаланууга 15885,4 га жайыт аянты жалпы (№1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15) тиркемеге ылайык туруктуу комитеттердин карап чыгуусу менен бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджети жалпы 6 436 000(Алты миллион төрт жүз отуз алты миң ) сомго бекитилсин, анын ичинен техникалардан болжолдуу түшүүчү каражат 3 667 000 (үч миллион алты жүз алтымыш жети миң) сомго, жайыт акысынан түшүчү каражат 1 769 000(бир миллион жети жүз алтымыш тогуз миң ) сомго жана Талас облусунун жайыт пайдалануучуларынан түшүүчү акча каражатын кошпогондо 1 000 000 (бир миллион) сомго бекитилип, анын ичинен жер салыгы 105944(бир жүз беш миң тогуз жүз кырк төрт) сомго Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, жайыт акынын 3төн эки бөлүгү 725838 (жети жүз жыйырма беш миң сегиз жүз отуз сегиз) сом жайыт комитетине которулуп берилсин жана 3төн бир бөлүгү 333 500(үч жүз отуз үч миң беш жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын башкаруу аппаратынын 3111 беренесине бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине караштуу спец техникалар (погрузчик,хоба) Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бир топ кызматтарын аткаргандыгы үчүн, айдоочунун эмгек акысын жана соц фондко төлөнүүчү төлөмдөрүн, эскилиги жетип жаңысына алмаштырууга зарыл болгон запастык бөлүктөрүн сатып алууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2021-жылга 1000 000 (бир миллион)сом акча каражаты кайтарымсыз жардам (субсидия) бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовго милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |