Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 28
Кетирилген кемчиликтерди жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А.Акматовдун 29.12.2020-жылдагы №01-14/512 чыгыш сандуу катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А.Акматовдун каты аткарууга алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча сунушта 5 пункт менен көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү чараларды көрүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Кетирилген кемчиликтерди жоюу менен кызматтык милдеттерин мыйзам чегинде так аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эскертилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |