Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 29

Тагайбек уулу Нурсейиттин кайрылуусун кароо жөнүндө

Чаткал районунун Ак-Таш айылынын тургуну Тагайбек уулу Нурсейиттин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

 

токтом кылат:

 

1.  Тагайбек уулу Нурсейиттин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Чаткал районунун Ак-Таш айылынын тургуну Тагайбек уулу Нурсейит Каныш-Кыя айыл аймагында жашабагандыгына байланыштуу Чаткал району боюнча социалдык пакетке сунушталсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев