Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 30
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Маданият участкасындагы жалгыз бой энелердин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Маданият участкасындагы жалгыз бой энелердин кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл аймагынын Маданият участкасындагы сегиз батирлүү үйдө жашаган колдоого муктаж жалгыз бой энелерге көмөк көрсөтүү үчүн үйдүн чатырчасын оңдоого жалпы 100 000 ( бир жүз миң) сом акча каражыты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |