Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 31

Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Чаткал райондук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы инструктору М.Аликеевдин жана Чаткал райондук жаштар иштери боюнча адиси Тообой уулу Даниярдын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

 

токтом кылат:

 

1.  Чаткал райондук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын инспектору М.Аликеевдин жана Чаткал райондук жаштар иштери боюнча адиси Тообой уулу Даниярдын кайрылуусу эске алынсын

2.  Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча 2021-жылга пландаштырылган бардык спорттук иш-чараларды уюштурууга 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражыты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев