Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 32
Маданият үйүнүн айланасын королоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн директору Ж.Нурбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн директору Ж.Нурбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн айланасын тосууга, эс алуучу скамейкаларды коюуга,майыптар үчүн пандусттарды орнотууга жана айлана тегерегин жарыктандырууга сметада көрсөтүлгөн керектелүүчү 2 657 567(эки миллион алты жүз элү жети миң беш жүз алтымыш жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |