Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 33
БРДМу техникасын орнотуу жөнүндө
“Ооган” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Б.С.Мырзалиевдин БРДМу техникасын орнотуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы
Токтом кылат:
1. “Ооган” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Б.С.Мырзалиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. 1941-1945- жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин жанына БРДМу техникасын орнотуу үчүн даярдалган долбоордо көрсөтүлгөн 279 333(эки жүз жетимиш тогуз миң үч жүз отуз үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |