Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 34
Кайың-Суу участкасына таза суу тартуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу участкасынын жашоочуларынын таза суу тартуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу участкасына Кара-Терек участкасынан таза суу тартуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайың-Суу участкасына Кара-Терек участкасынан таза суу тартуу боюнча сметалык долбооруун даярдатууга керектелүүчү акча каражыты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |