Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 35
Инвентарь алып берүү жөнүндө
Чаткал райондук жаштар иштери боюнча адис Тообай уулу Даниярдын жана Чаткал райондук спорт инструктору Аликеев Мунарбектин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Чаткал райондук жаштар иштери боюнча адис Тообай уулу Даниярдын жана Чаткал райондук спорт инструктору Аликеев Мунарбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук жаштар иштери боюнча адис Тообай уулу Даниярдын түзгөн сметасында көрсөтүлгөндөй баардык керектелүүчү инвентарларды алууга 201 900 (эки жүз бир миң тогуз жүз) сом жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу С.Байдөөлөтов, Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы билим берүүчү мектептерге 50 000 (элүү миң) сомдон жети мектепке 40 000 (кырк миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |