Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 36
Байытылган ун сатып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу негизги жана жалпы билим берүүчү мектеп директорлорунун кенже класстарга ысык тамак берүүдөгү байытылган унду сатып алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу негизги жана жалпы билим берүүчү мектеп директорлорунун кенже класстарга ыссык тамак берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу негизги жана жалпы билим берүүчү мектептердеги кенже класстарды ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоордун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ысык тамак берүүнүн байытылган унун сатып алууга керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |