Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 37
Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын, өкмөтүнүн жана депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын, өкмөтүнүн жана депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу “ Каныш-Кыя Тазалык” миниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине киргизилсин жана эмгек акысы айыл аймактын эсебинен субсидия катары төлөнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |