Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 41

Жайыт комитетинине кызматтык автоунаа алып берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кызматтык автоунаа алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл аймагынын экономикалык өнүгүү программасында көрсөтүлгөн жайыт комитетинин айыл чарба техникалары туруучу гаражды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн көрсөтүлгөн сумманын ичинен, жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовдун кайрырылуусундагы кызматтык автоунаасын алуу үчүн 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев