Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 2
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын уулу Асан уулу Курманбек жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын уулу Асан уулу Курманбек дүлөйлөр мектебинде окуп бүтүрүп, №27 кесиптик лицейде чач тарач кесибине окуп жатканына байланыштуу чач тарачка керектелүүчү куралдарды алып берүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 23 000 (жыйырма үч миң )сом акча каражаты бөлүп берилсин жана алынган керектелүүчү материалдар өкмөттүн балансына калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |