Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 3

Чаткал РИИБнүн кызматкерлерине үй салууга көмөктөшүү жөнүндө

Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А.А.Айдарбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А.А.Айдарбековдун жазган кайрылуу каты эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү тиешелүү документтерине көмөктөшүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаткал райондук өнүктүрү фондуна сунушталсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев