Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 7
Акча каражаттарын бөлүп берүүжөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 19.03.2021-жылдагы№01-18/212 чыгыш сандуукайрылуу катын карапжана талкуулапКаныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлерине жана райондук санитардыккөзөмөлдөө борборунун кызматкерлерине, 2020-жылдын биринчи жарымындагыCOVID-19 илдетине каршы кызмат өтөгөн жалпы 71 медицина кызматкерлерине берилген сый акы жөнүндө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн орун басары А.Сулайманкуловдун кайрылуусуэске алынсын.
2. Чаткал райондук Прокуратурасынын№ 11.1-76-21 сандуу сунушунун негизинде КРнын 1996-жылдагы 17-июлундагы №20 сандуу “мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын 23-беренеси жана КРнын салык жөнүндө кодесинин165-беренесинин 1-б,1-параграфына ылайык, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 190 000 (бир жүз токсон миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмийwww.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетинетапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |