Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 11

Жылкыларга чип басуу жөнүндө

Ветсервис башчылары З.Райымбековдун жана М.Каныбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  З.Райымбековдун жана М.Каныбековдун кайрылуусун эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу баардык айылдардагы жылкыларга идентификациялык каттоо жүргүзүүдө мал ээлеринен алынуучу чипке 166 (бир жүз алтымыш алты) сом, эмгек акыга 84 (сексен төрт) сом, жалпы 250 (эки жүз элүү) сомдон бекитилип берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев