Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 14

Карышкырларды жок кылуу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун  карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн карышкыр атуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.  2021-жылга карата мал жандыктарды жайытка чыгарууда, малга чыгым келтирген карышкырларды жок кылуу максатында ар бир кармалган карышкыр үчүн 6000(алты миң) сомдон, жалпы 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлык катары акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев