Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 16

Маршруттук унаа уюштуруу жөнүндө

“Каныш-Кыя Тазалык”муниципиалдык ишканасынын кайрылуусу карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  “Каныш-Кыя Тазалык”муниципиалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы Спринтер кичи автоунаасын утурумдук оңдоодон өткөрүүгө 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Каныш-Кыя айылындагы жаш балдарды бала бакчаларга ташуу тарифи бир балага бир айга 200 (эки жүз) окуучуларга 10 (он), элди ташуу үчүн “Багыш”- центрге, центр-Кармоцех 15 (он беш) центр-Айгыр-Жал 25 (жыйырма беш) сомдон бекитилсин

4.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев