КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 17
“Наристе” МЧББУнун кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе” МЧББУнун директору А.Козубаеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Наристе” МЧББУнун директору А.Козубаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу менен долбоор сметасы даярдалып, кийинки сессияга сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |