Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 18

Чачыранды алтын казуу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын “Верхный Сулуутегерек” участкасына “Сулуу-Бел” ЖЧКму тарабынан чачыранды алтынды казуу ишин жүргүзүүгө сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

 

токтом кылат:

 

1.  “Сулуу-Бел” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын “Верхный Сулуутегерек” участкасына “Сулуу-Бел” ЖЧКму тарабынан чачыранды алтынды казуу ишин жүргүзүүгө, Чакмак-Суу айыл элинин макулдугу менен уруксат берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев