Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 19

Чаткал райондук аскер комиссариатынын кайрылуусу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө Чаткал райондук аскер комиссариатынын капитаны Н.Эмилбек уулунун жазган кайрылуусу карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чаткал райондук аскер комиссариатынын капитаны Н.Эмилбек уулунун кайрылуусу эске алынсын.

2.  2021-жылдын жергиликтүү бюджетине ылайык иш планы бекитилип калгандыгына байланыштуу 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилип аткаруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев