Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 28

Жер салыгын которуп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 06.04.2021-жылдагы №01-18/275 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXХII сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2.  2019-жылдын 14-январь айында Чаткал райондук салык башкармалыгы тарабынан КРСК 100 ст 6 п жана 107 статьясынын камералдык текшерүүсүнүн негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан 2 690 644 (эки миллион алты жүз токсон миң алты жүз кырк төрт) сом акча каражаты Чаткал райондук салык башкармалыгына жер салыгынын төлөмдөрү үчүн которулуп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев