КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 31
Б.Алибековдун кайрылуусу жөнүндө
№46 кесиптик лицейинин директору Б.Алибековдун кайрылуу катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Алибековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине ылайык иш планы бекитилип калгандыгына байланыштуу 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |