КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 34
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургуну Асанбай кызы Гүлжандын ден соолугу боюнча жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Асанбай кызы Гулжандын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Асанбай кызы Гүлжан жолдошу экөө тең мүмкүнчүлүгү чектелип эч жерде иштебегендиктен кезектеги даарылануусуна 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |