Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 38

Башкы-Терек айлындагы эски котельныйды оңдоп түзөөдөн өткөрүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылындагы эски котельныйды оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылындагы эски котельныйды капиталдык ремонттон өткөрүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөттүн кошумча түшкөн акча каражаттарынан сметалык долбоордо көрсөтүлгөн акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев