КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 42
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Кучибаева Гүлкан ден соолугуна байланыштуу жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы
Токтом кылат:
1. Коргон-Сай айылынын тургуну Кучибаева Гүлкандын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Кучибаева Гүлкандын көп жылдан бери ооруп дарылатууга каражаты жок болгондугуна байланыштуу 30 000( отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |