КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I -сессиясы
2021-жылдын 10-майы № 1
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”мыйзамынын 2-статьясына ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин жана эсептөө боюнча комиссиясынын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы болуп, эсептөө боюнча комиссиянын 10.05.2021-жылдагы №1 протоколунун негизинде №2 Каныш-Кыя шайлоо округунан депутат Аликеев Мунарбек Шадыканович шайлансын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты: | Ашырбекова Гүлнур |