Редакцияот 10.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I -сессиясы

2021-жылдын 10-майы № 3

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин сессияларынын токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүн органынын ченемдик укуктук актыларын каттонун тартиби жөнүндө жобосуна” ылайык Каныш-Кыя айылдык кеңешинде өткөрүлгөн сессиялардын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев