Редакцияот 10.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I -сессиясы

2021-жылдын 10-майы № 5

Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүп жана бекитүү жөнүндө

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссиялардын курамы бекитилсин.

2.  Түзүлгөн туруктуу комиссиялар өз комитеттеринде комиссиянын төрагаларын шайлоо менен 2021-жылга карата иш пландарын иштеп чыгышсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Ормошевге жана жооптуу катчы Н.Таласбаевага милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев