КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 3
Жер маселелерин жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибинин үчүнчү меселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагынын берген сунушуна ылайык Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын укуктук ченемдик актысынын 3-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде жер участокторуна укуктарды берүү порцессин ишке ашыруу үчүн комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын укуктук ченемдик актысына ылайык жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн Каныш-Кыя айыл аймагындагы комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин. (комиссиянын курамы тиркелет).
2. Түзүлгөн комиссияга мыйзамга ылайык функцияларын аткаруу тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловго милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |