Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы

2021-жылдын 18-июну № 8

Чачыранды алтын казуу жөнүндө

Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 18.06.2021-жылдагы №01-18/463 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн “Каркын” ЖЧКму тарабынын Айгыр-Жал айылындыгы “Качалатөр” участкасына алтындын чачыранды түрүнө геологиялык-изилдөө жүргүзүү тууралу кайрылуусу эске алынсын.

2.  Айгыр-Жал айылындагы “Качалатөр” участкасынан агып түшкөн суу элдин үлүш жерлерине жана мал-жандыктарына зыян келтириле турганы эске алынып, чачыранды алтынга геологиялык-изилдөө жүргүзүүгө уруксат берилбесин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев