Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 10
Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кун тартибинин үчүнчү маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 18.06.2021-жылдагы №01-18/461 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын № 8 токтому менен Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт комитетине субсидияга берилген 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын айыл Өкмөтүнун башкаруу аппаратынын активтер жана милдеттенмелер менен аткарымдар классификациясынын 3111 чыгашалардын экономикалык беренесине 763 400 (жети жүз алтымыш үч миң төрт жүз) сом, 22154900 чыгашалардын экономикалык беренесине 236 600 (эки жз отуз алты миң алты жүз) сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |