Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2019-жылдын 19-марты № 135
"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-жыл, № 7, 2776-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:
"16) агрохимиялык изилдөө - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азык заттардын элементтеринин жеткиликтүү түрлөрү менен камсыздалышын жана жер семирткичтерди пайдаланууга керектөөлөрдү белгилөө үчүн кыртыштын күрдүүлүгүнүн деңгээлин баалоо;
17) кыртыштык изилдөө - кыртышты сарамжалдуу пайдалануу үчүн анын генетикалык түзүлүшүн жана касиеттерин, кыртыштын үстүнкү катмарынын түзүмүн аныктоо.";
2) 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берүү;";
3) 15-беренесинде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр";
б) 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "Кыртышты" деген сөз "Кыртыштык жана агрохимиялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр жер участогундагы кыртыштын түрлөрүнүн жана түрчөлөрүнүн жайгашуусун, кыртыштын санитардык, экологиялык абалын жана жерлердин кыртыштык-мелиорациялык абалын аныктайт. Кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
г) 4-бөлүгүндөгү "Кыртышты" деген сөз "Кыртыштык жана агрохимиялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 6-бөлүгүндөгү "кыртышты изилдөө" деген сөздөр "кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 19-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Сугат айдоо жерлеринин - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кыртышынын арыктоосун алдын алуу максатында, аны изилдөөнүн жыйынтыктарын, анын ичинде агрохимиялык карталарды жана лабораториялык иштерди пайдаланууну эске алуу менен, фосфор жана калий минералдык жер семирткичтери колдонулат. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кыртышын арыктоодон коргоо жана жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан 5 жылга фосфор жана калий жер семирткичтерин киргизүү планы иштелип чыгат жана жергиликтүү өз алынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
8. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кыртышын коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик ижарачыга жүктөлөт.";
5) 21-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "каржылоо" деген сөздөн кийин ", Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Айыл аймактарындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кыртышын коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери үчүн ижара акысынан түшүүчү каражаттардын, чарбакер субъекттердин, жер пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен 35%дан кем эмес өлчөмдө ишке ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|