КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 2
А.Кадырбекованын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Кадырбекова Анисанын арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
6. Каныш-Кыя айылынын тургуну Кадырбекова Анисанын арызы жана соц комитетин корутундусу эске алынсын.
7. Каныш-Кыя айылынын тургуну А.Кадырбекованын турмуш шарты башкаларга салыштырмалуу жакшы болуп, бирок өзү эч жерде иштебегендигине байланыштуу фирмаларга жумуш таап жайгаштыруу жагы Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы А.Токобаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |