КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3
Айыл башчылардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылынын айыл башчыларынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
5. Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылынын айыл башчыларынын кайрылуусу жана соц комитеттин корутундусу эске алынсын.
6. Каныш-Кыя айылынын тургундары Нышанов Таалайбек Акматбековичтин, Осмонбеков Абдурашит Өскөнбаевичтин жана Айгыр-Жал айылынын тургуну Эркин уулу Жумабектин турмуш шарты оор болуп жашоого үйү жок болгондуктан ар барине 100 000 (жүз миң) сомдон Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы, бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |