КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 4
“Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагындагы Кайың-Суу участкасында курулуп жаткан 150 орунду мектепке курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
6. “Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусу жана соц комитеттин корутундусу эске алынсын.
7. Кайың-Суу участькасына курулуп жаткан мектептин долбоор-сметасына киргизилбей калган керектелүүчү курулуш материалдарына долбоор сметасы даярдалсын, долбоор сметада көрсөтүлгөн акча каражатынын негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын, долбоорду сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |