КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 5
Кошумча жумуштарга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Жаңы-Базар Кировка авто унаа жолунун 135-140 жана 166-168 чакырымында төшөлүп жаткан асфальттын долбоор сметасына киргизилбей калган курулуш иштерин аткаруу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
6. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 18.06.2021-жылдагы № 01-18/465 чыгыш сандуу кайрылуусу жана соц комитеттин корутундусу эске алынсын.
7. Аталган асфальттын курулуш иштеринин долбоор сметасына киргизилбей калган керектелүүчү суу өтүүчү турбаларга долбоор сметасы даярдалсын, долбоор сметада көрсөтүлгөн акча каражатынын негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын, долбоорду сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |