КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 7
Андашова Гүлнурдун арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Андашова Гүлнурдун арызын канаттандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Андашова Гүлнурдун арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Андашова Гүлнурдун турмуш шарты башка үй бүлөлөргө салыштырмалуу жакшы болгондуктан, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин акча каражаты жашоо шарты өтө оор, турак жайы жок жарандарга берилери белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |