КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 8
Мырзабекова Жылдызкандын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Коргон-Сай айылынын тургуну Мырзабекова Жылдызкандын жардам сурап жазган арызын канаттандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
6. Коргон-Сай айылынын тургуну Мырзабекова Жылдызкандын арызы эске алынсын.
7. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Мырзабекова Жылдызкандын небереси Шайбекова Айкөлдүн бутуна кезектеги төртүнчү операциясын жасатууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |