КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 9
Чаткал райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары капитан Н.Эмилбек уулунун кайрылуусун жөнүндө
Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Чаткал райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары капитан Н.Эмилбек уулунун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары капитан Н.Эмилбек уулунун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары капитан Н.Эмилбек уулунун кайрылуусунда айтылгандай райондук аскер комиссариатынын имаратынын айланасын пескаблок менен королоо үчүн 700 000 (жети жүз миң)сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын, долбоор сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |