Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 10

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл аймагында азыркы учурда коронавирус илдети менен оруугандар бар болгондугуна байланыштуу кызыл зона түзүлгөн. Кызыл зонада жаткан жарандарды тамак аш менен камсыз кылууга социалдык-экономикалык программасында көрсөтүлгөн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатына каралган акча каражатынан 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев