Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 13

Анарбаева Майрамкандын арызын кароо жөнүндө

 Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Коргон-Сай айылынын тургуну Анарбаева Майрамкандын жардам сурап жазган арызын канаттандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Коргон-Сай айылынын тургуну Анарбаева Майрамкандын арызы жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылусу эске алынсын.

2.  Коргон-Сай айылынын тургуну Анарбаева Майрамкандын жашоо шарты оор болуп, турак жай салуу үчүн өзүнүн акча каражаты жетишпегендиктен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев