Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 18
А.Асылбекованын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Асылбекова Айжамалдын сулуулук салон ачуу үчүн жардам сурап жазган кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Асылбекова Айжамалдын карылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Асылбекова Айжамалдын сулуулук салон ачуу үчүн керектелүүчү эмеректерди алууга өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин акча каражаты жашоо шарты өтө оор, турак жайы жок жарандарга берилери белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |